Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Көчмө кабыл алуу
07-10-2026
Акимдин көчмө кабыл алуусу Терек-Сай айыл аймагында өттү
Чаткал районунун акими А.Ж. Сенирбаевдин Терек-Сай айыл аймагынын Сумсар жана Шекафтар айылдарында көчмө кабыл алуусу өткөрүлдү.
Көчмө кабыл алуунун жүрүшүндө айыл тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуш-пикирлери угулуп, жарандардын кайрылуулары боюнча тиешелүү жетекчилерге маселелерди жеринде кароо жана чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Район жетекчилиги тарабынан жарандардын кайрылууларын өз убагында карап, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.