Көөнөрбөс тарых сырлары: Жаңы китептин бет ачары болду

26-04-2024

 Көөнөрбөс тарых сырлары: Жаңы китептин бет ачары болду

 Бүгүн 25-апрель күнү Чаткал райондук маданият үйүнүн китепканасында Чаткал районунун тургуну Мырзабек Салибаевдин “Байыркы Чаткал” Ыдырыс пайгамбардын кадам жайы” аталышындагы райондун байыркы тарыхын жана аймакта орун алган Ыдырыс пайгамбардын кадам жайы андагы күмбөздөр тууралуу жазылган китебинин ачылышы болуп өттү.

 Мырзабек Салибаев Чаткал районунун Айгыр - Жал айылынын тургуну. 53 жаштагы автор бул китепти чыгарууда 10 жылдан ашык күмбөз тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Айтымында көмүскөдө тарыхын купуя сырларын ачып берүүгө аракет кылдым дейт.

 Китептин бет ачарына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Гүлмира Кыдыралиева, мекеме ишканалардын жетекчилери, аталган Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүндө шайыктын милдетин аткаруучулар жана китеп окурмандар катышты. 

 Бүгүнкү күн - эртеңки тарых. Чаткал өрөөнүндө дагы канча деген изилденбей жаткан жерлерибиз бар. Мындай изилдөөлөр менен биз кийинки муунга ыйык жерлерибиздин, элибиздин тарыхын баяндап бере алабыз дейт акимдин орун басары А.Ж.Таштанбаева. Ошондой эле китептин авторуна ийгилик каалоо менен бирге, дагы Чаткал туурасында көптөгөн китеп жарык көрөрүнө ишенгенин айтты.

  Катышуучулар, окурмандар, китепти талкууга алышып, райондун тарыхы эле эмес туризм тармагын өнүктүрүүдө да салым кошот дешет. Көпчүлүккө тааныш эмес окуялар, фактылар камтылып, дүйнө элинин кызыгуусун арттырарын белгилешти.

 Айта кетсек, Мырзабек Салибаевдин буга чейин көптөгөн ырлары, чыгармалары гезит бетинен орун алып келсе, бул китеп анын чыгармачыл чөйрөдө тушоосун кести. Автордун алдыда жарык көрөр дагы эки китеби турат.

 

Сүрөттөр