Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарында жашаган 6 баланын ар бирине турак жай куруу учун 0,15 га жер тилкелери бөлүнүп берилди.
07-10-2026
Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан ата-энесиз калган балдардын жер тилкелерин алуу укуктарынын сакталышын текшерүү учурунда ата-энесиз калган алты баланын укуктары толук камсыздалбай, турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилбей келгендиги аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, баланын турак жайга болгон укугун ишке ашыруу турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте кепилденет. 16 жашка толгон жана жашоо учун турак жайы жок жетим балдар мыйзамдарда каралган тартипте турак жай аянтын пайдалануу укугу менен кезексиз алууга укуктуу.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарында жашаган 6 балдардын ар бирине турак жай куруу учун 0,15 га жер тилкелери бөлүнүп берилди.
Пресс-релиз расмий тилде.
Чаткальской районной прокуратурой в ходе проверки соблюдения прав детей-сирот на получение земельных участков установлено, что права шестерых детей, оставшихся без попечения родителей, не были обеспечены в полной мере, поскольку земельные участки для строительства жилья им ранее не предоставлялись.
В соответствии со ст.13 Кодекса Кыргызской Республики о детях и ст.43 Жилищного кодекса Кыргызской Республики реализация права ребёнка на жилище гарантируется в порядке, установленном жилищным законодательством. Дети-сироты, достигшие 16-летнего возраста и не имеющие жилого помещения для проживания, пользуются правом внеочередного получения жилой площади на права пользования в порядке, предусмотренном законодательством.
По результатам принятых прокуратурой мер каждому из указанных детей, проживающих в сёлах Каныш-Кыиского и Терек-Сайского айыльного аймака, выделены земельные участки площадью по 0,15 га для строительства жилого дома.