Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Чаткал районунун акими А.Сеңирбаевдин буйругу менен Ала-Бука - Жаңы -Базар -Кировка, Красная -Горка - Ак - Таш унаа жолу жабык
16-02-2024

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин Чапчыма ККСнын кызматынын билдирүүсүнө караганда үстүбүздөгү жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чаткал районунун башчысы -аким А.Сеңирбаевдин буйругу менен Ала-Бука - Жаңы -Базар - Кировка жана Красная- Горка - Ак - Таш унаа жолу убактылуу жабылды.
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымындагы Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымына кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүү коркунучу бар.
Учурда жолдорду кардан тазалоо үчүн № 27 Чаткал райондук жол тейлөө ишканасынын 14 кызматкери жумуш алып барууда жана 3 даана автогрейдер, 1 даана автопогрусчик, 2 автомашинасы тартылды.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Бул күндөрү жолдорду бороон уруп күрткү болушу мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Ошондой эле айдоочуларга түнкүсүн жолго чыкпай туруусун эскертебиз
Сүрөттөр