Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
КАРЖЫЛЫК АЛДАМЧЫЛЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ОТУРУМ БОЛДУ
18-02-2025
Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясында акыркы мезгилде республика аймагында интернет желеси аркылуу күч алып бараткан каржы жаатындагы шылуундукка жана алдамчылыкка байланыштуу отурум болуп өттү.
Отурумга райондогу "Элдик Банк", "Айыл Банк" банктарынын жана райондук финансылык кредиттик (ФКФ) фондунун жетекчилери, РИИБдин, Каныш-Кыя, Терек-Сай айыл аймактарынын тиешелүү кызматкерлери, айыл башчылары катышты.
Отурумдун жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Рустамалы Асанбаев каржы жаатындагы шылуундуктун жана алдамчылыктын алдын алуу боюнча маселе көтөрдү.
Асанбаев өз сөзүндө, акыркы учурларда каржылык шылуундардын саны өсүп жаткандыгын, бул көрүнүш жарандардын ишенимине шек келтирип, коомдо терс көрүнүштөрдү жаратып жаткандыгын белгиледи.
"Биз бул көйгөйгө көз жумуп кое албайбыз", - деп билдирди Асанбаев. "Каржылык шылуундукка каршы күрөшүү – бул ар бирибиздин милдетибиз. Биз биргеликте иш алып барып, бул кылмыштуу көрүнүштүн алдын алышыбыз керек".
Отурумдун катышуучулары Асанбаевдин оюн колдоп, каржылык шылуундуктун алдын алуу боюнча бир катар сунуштарды киргизишти. Алар жарандарды шылуундардын ыкмалары жөнүндө маалымдоо, банктар менен карапайым калктын ортосундагы маалымат алмашууну күчөтүү сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
Отурумдун соңунда, каржылык шылуундукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү тармактарга протоколдук тапшырмалар берилди.
Сүрөттөр