Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Кече райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Саламаттык сактоо боюнча Координациялык кенештин жана райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын отуруму болуп өттү
29-03-2024

Отурумда райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001- жылдын 21- декабрындагы "Инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоо боюнча" токтомунун аткарылышы каралды. Ошондой эле райондук медициналык мекемелерде жасалып жаткан эмдөөнүн жүрүшү жана жугуштуу кызамык оорусу боюнча кеңири талкуу болуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилди.
Ал эми жыйынга катышкан жетекчилерге калктын саламаттыгына кам көрүү милдеттендирилди. 2024- жылдын иш- планына ылайык, 1- кварталдагы маселелер боюнча пикир алышуу болуп, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер бөлүмүнө жана райондун имам-хатибине тиешелуу тапшырмаларды аткаруусу айтылды.
Айта кетсек, 2024- жылдын 13- мартынан тартып район боюнча 9 айлык баладан 7 жашка чейинки наристелерге "Кызамык" илдетке каршы эмдөө башталган. Учурда 3840 бала эмдөөдөн өттү.
Сүрөттөр