Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Кечээ күнү КР ЖКнын төрагасы Н.Шакиев, ЖКнын депутаты А.Турсунбаев, Россия- Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы А. Новиков Чаткалга болгон иш сапарынын алкагында ачылыш аземине катышты
15-06-2024
ЧАТКАЛДА 150 ЖУМУШЧУ ОРУН ТҮЗҮЛДҮ
Өткөн жылы Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев райондун өнүгүү стратегиясынын алкагында жеңил өнөр жайларды өнүктүрүүнү колдоорун белгилеген.Бул багытта администрациянын иш планына кирип, коомчулукка жарыя болгон.
Өткөн жылдын күз айларынан тартып ремонт иштери башталган Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар айылындагы тигүү фабрикасынын бардык ремонт иштерин аяктап, тигүү шаймандары алынып келинип, ишке берилди.
Кечээ күнү КР ЖКнын төрөгасы Н.Шакиев, ЖКнын депутаты А.Турсунбаев, Россия -Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы А. Новиковдун Чаткалга болгон иш сапарынын алкагында ачылыш аземине катышты.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев өз сөзүндө Чаткал районунда өнүгүүлөр арбын экендигине токтолуп, мындай жеңил өнөр жайлардын көбөйүп жатканы - калктын байгерчилигин шарттайт деп белгилейт.
Аталган Мамыш Кочкоров атындагы тигүү фабрикасын жеке ишкер Асел Атабекова жетектейт. Айтымында ушул абалга алып келүү үчүн, бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Ал ар дайым кол кабыш кылып, колдоп турган район жетекчилигине ыраазы.
Биринчи этабы менен 150 орунга ылайыкташкан фабрикада учурда 40 кыз - келин эмгектенүүдө. Алар учурда ар кандай буйрутмалардын үстүндө иш алып барышууда. Дагы тигүүчүлөрдүн арыз бергендери көбөюп, катары толукталып жатат.
Буйруса экинчи этабындагы оңдоп - түзөө жумуштары аяктаса дагы 150 жумушчу орун пайда болот.
Мындай иш алып баруу, жумушчу орундарды түзүү - жергиликтүүлөрдүн социалдык- экономикалык абалы жакшырат дейт- район башчысы.
Сүрөттөр