Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН
05-11-2025
Бүгүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кезектеги коллегиялык жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери, укук коргоо органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Коллегияны район акими Алтынбек Сеңирбаев жетектеди.
Жыйындын жүрүшүндө беш жылдык өнүгүү планына жаңы сунуштарды киргизүү, ар тармактагы иштердин жүрүшүн жакшыртуу жана жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери талкууланды. Аким активдүү иш алып барбаган жетекчилерге талап коюлуп, ар бир жетекчи өз багытында демилге көтөрүп иштеши керектигин белгиледи.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, бир катар ФАПтарда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда санитардык-гигиеналык талаптар сакталбай жатканы, оңдоо иштеринин толук бүткөрүлбөгөнү айтылды. Бул маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Коллегияда “2025–2030-жылдарга карата Чаткал районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” добушка коюлуп, кабыл алынды.
Ошондой эле айыл аймактарындагы таштанды таштоочу жайлардын абалы, тазалык иштерин жакшыртуу жана таштанды ташуучу унааларды сатып алуу маселелери каралды.
Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу багытында дан оруу өнөктүгүнүн жыйынтыгы угулуп, калкты негизги азыктар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, арыктар менен каналдарды тазалоо жана жем базасын бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди.
Билим берүү мекемелеринин абалы, жылуулук берүү жана видеокөзөмөл орнотуу маселелери да талкууланып, белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча мөөнөттөр белгиленди.
Мындан тышкары, мекемелерде электрондук кат алмашуу тартибин жакшыртуу жана кызматкерлерди окутуу зарылдыгы белгиленди.
“Ичилүүчү таза суу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы боюнча да маселе каралып, Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрүнө калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу тапшырылды.
Жыйын соңунда аким Алтынбек Сеңирбаев кышкы мезгилге даярдыкты өз убагында бүтүрүү, калкты көмүр жана отун менен камсыз кылуу, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алмакчы.
Сүрөттөр