Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Координациялык кеңешмеде курч маселелер каралды
28-03-2025

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо максатында координациялык кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге райондук бийлик өкүлдөрү, медициналык мекемелердин жетекчилери жана дарыгерлер катышты.
Жыл башында райондо төрөттөн улам бир эненин каза болгону катталган. Бул кейиштүү окуя кеңешменин негизги талкуу темаларынын бири болду.
Маалыматка ылайык, каза болгон эне Чаткал районунда катталып, бирок Бишкек шаардык ооруканасында оор төрөттөн улам көз жумган.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Анара Орозказиева жана координациялык кеңешменин мүчөлөрү бул окуя боюнча тиешелүү дарыгерлерге суроолорду берип, төрөттү көзөмөлдөөнүн маанисин белгилешти. Орозказиева медициналык кызматкерлер бейтаптарга сылык мамиле жасоого тийиш экенин эскертип, буга байланыштуу ага жекече кайрылуулар болуп жатканын билдирди.
Ошондой эле, жаш энелердин ден соолугун көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Кеңешмеде дагы бир кейиштүү окуя – Сумсар жалпы дарыгерлик практикалык борборунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын көз жумганы тууралуу маселе каралды.
Сумсар жалпы дарыгерлик практикалык борборунун дарыгери Жакып Иманкуловдун айтымында, аталган борбордо гинекологдун жоктугунан улам, каза болгон наристенин энеси Ала-Бука районунун ооруканасында төрөөгө аргасыз болгон.
Дарыгерлер аталган көйгөй боюнча кошумча маалымат беришти.
Райондук санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн башчысы Гүлбарчын Акылбекова бул маселени иликтөө үчүн бир катар суроолорду узатты.
Анара Орозказиева дарыгерлер энелердин жана наристелердин саламаттыгына кам көрүүдө шалаакылыкка жол бербөөсү керек деген пикирин билдирди. Ошондой эле, ал медициналык кызматкерлер жаңы төрөлгөн балдардын так санын билбегендиги үчүн сынга алды.
Кеңешмеде кадр маселеси дагы талкууланып, Анара Орозказиева жетиштүү дарыгерлердин жоктугу саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири экенин баса белгиледи. Ал башкы дарыгерлер бул багытта активдүү иш алып барууга тийиш экенин кошумчалады.
Координациялык кеңештин мүчөсү Ашыркул Кулиев кеңешмеде берилген маалыматтар жетишсиз экенин айтып, башкы дарыгерлер отчеттуулукту так жүргүзүүсү керектигин белгиледи.
Ал эми, Абдыкул Субанов саламаттыкты сактоо тармагында жоопкерчиликти жогорулатуу зарылдыгын баса белгилеп, адам өмүрүнө байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Кеңешмеде калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында маалымат берүү жана түшүндүрүү иштеринин деңгээлин жогорулатуу маселеси да каралды. Анара Орозказиева ар бир үй-бүлө менен жекече иштөө зарылдыгын белгилеп, дарыгерлердин бул багыттагы жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырды.
Сумсар жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору Максат Чолпонкулов калкты жугуштуу ооруларга каршы эмдөөгө тартууда кыйынчылыктар бар экенин билдирди. Айрым жарандар, айрыкча диний ишенимине байланыштуу эмдөөгө каршы чыгып жатканын белгилеп, бул көрүнүш акыркы мезгилде күчөп бара жатканын айтты.
Кеңешме мүчөлөрү медициналык кызматкерлер тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгилешти.
Райондук санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Акылбекова өзү жетектеген бөлүм тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.
Талкууланган маселелердин негизинде тиешелүү токтомдор кабыл алынып, медициналык кызматкерлерге катуу талаптар коюлду.
Кеңешмеде, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине район аймагындагы саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу багытында натыйжалуу иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча орчундуу талаптар коюлду.
Сүрөттөр