Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Координациялык кеңештин курамы кеңейтилет
10-06-2025

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Координациялык кеңештин курамын кеңейтүү багытында иш алып барууда.
Бул кеңеш мамлекеттик органдар, жарандык коом жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн ачык диалог түзүүчү консультативдик аянтча катары кызмат кылат.
Кеңештин негизги максаты – райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган маселелерди биргеликте талкуулап, конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгуу. Анын курамына жарандык коом уюмдарынын, аялдар жана жаштар бирикмелеринин, бизнес-ассоциациялардын, аксакалдар сотунун жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрү кирет.
Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараяны ачык негизде жүрүп, коомчулуктун кеңештин ишине активдүү катышуусуна шарт түзүлүүдө.
Координациялык кеңеш аймактык өнүгүүдө көп тараптуу кызматташтыктын натыйжалуу механизми катары бааланмакчы.
Сүрөттөр