Коррупциялык тобокелдиктер — бул кызматтык милдеттерди аткарууда коррупцияга жол ачышы мүмкүн болгон жагдайлар.

07-10-2026

Коррупциялык тобокелдиктер — бул кызматтык милдеттерди аткарууда коррупцияга жол ачышы мүмкүн болгон жагдайлар.


Негизги коррупциялык тобокелдиктер:

1. Пара алуу же берүү – акча, белек же башка пайда талап кылуу.
2. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу – жеке кызыкчылык үчүн кызматтык мүмкүнчүлүктү колдонуу.
3. Кызыкчылыктардын кагылышы – жеке кызыкчылык менен кызматтык милдеттин дал келбеши.
4. Тууганчылык жана тааныш-билиштик – кызматка дайындоодо же чечим кабыл алууда жакындарын артыкчылыктуу кароо.
5. Мамлекеттик каражаттарды туура эмес пайдалануу – бюджеттик каражатты жеке максатка жумшоо.
6. Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар – белгилүү бир компанияга артыкчылык берүү.
7. Документтерди атайылап бурмалоо же жашыруу.
8. Жарандардын кайрылууларын мыйзамсыз кечиктирүү же атайылап чечпей коюу.

Негизги принцип:
«Коррупциялык тобокелдикти алдын алуу — коррупцияга каршы күрөштүн эң натыйжалуу жолу».

Сүрөттөр