КР. ЖК депутаттары кантип шайланат?

08-11-2025

https://drive.google.com/file/d/1ezfO14WXHujj8Cbp66QCXPlH3Cxt8tL4/view?usp=drivesdk

 

*Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кантип шайланат?

Кыргыз Республикасынын парламенти 90 депутаттан турат жана беш жылдык мөөнөткө шайланат.

 

Бардык депутаттар мажоритардык система боюнча көп мандаттуу округдардан шайланышат.

 

Шайлоону өткөрүү үчүн ар бири үчтөн депутатты шайлаган 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Шайлоочулар бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочу өзү тандаган бир гана талапкер үчүн тиешелүү чарчыга же “Баарына каршы” деген чарчыга белги коет.