КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чаткал районунда иш сапарында болду

08-02-2024

      Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чаткал районунда иш сапарында болду

       Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чаткал районунун Жер- Капчыгай айылындагы " Акылбек Баймырзаев" атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кызыл тасмасын кести.

       Аталган мектептин имараты 2022-жылы башталып, бардык шарты менен 2024-жылы январь айынын аягында курулуш иши аяктаган. Мында ашкана, спорт зал 14 класс комплектини камтыйт жана долбоор 37 000 000сомго бүткөрүлгөн. Имарат бир кабаттан турат. 100 окуучуга ылайыкташкан. Окутуу 2 кезметте окутулат. 29 мугалим 207 балага билим -тарбия берет.

       Андан соң Эдил Байсалов Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

      Райондук оорукананын хирургия бөлүмү, администрациясы, лабораториялык бөлүмү жана стоматологиялык кабинеттер быйылкы жылы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Ремонт иштери Жалал-Абад аймактык милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан каржыланып, " Империя Кахарова", " Пишпек Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жүргүзүлгөн.

       Райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда жылдан жылга жаңылануу болуп, калкты тейлөөдө ыңгайлуу шарттар жаралып келет.

        Ал эми КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ак -Таш айылындагы Беш -Сала учаскасындагы лыжа базасына барды. 

       Мында "Кышкы оюндардын фестивалы Чаткал- 2024" иш-чарасына катышып, Чаткал району туризм тармагын өнүктүрүүгө ыңгайлуу экендигине токтолуп, туристтик жайларды түзүү, жаштарды спортко тартуу менен, экономикалык абалды чыңдоого шарттар жаралып жатканын белгиледи.

       Айта кетсек, кышкы оюндардын ачылышы өткөн айда мыкты деңгээлде уюштурулуп , жергиликтүүлөрдүн, келген коноктордун эс алуусуна шарт жаралган. 

      Андан соң Ак - Таш айылынын тургуну Асан Стамбековдун үй - бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган турак үй менен таанышты. Үй "Мурас Синтез " ЖЧКсы тарабынан 3 300 000 сомго өткөн жылы бүткөрүлгөн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны 6ны түзөт.

      Кыдырууда Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев өткөн жылы аткарылган орчундуу жумуштар менен тааныштырды. Өткөн жылга пландалган жумуштар өз максатына жетип, калктын социалдык абалы да жакшырганын айтып өттү.

      Кыдыруунун соңунда Эдил Байсалов райондо жылдан жылга өсүүлөр орун алып жатканына ынанды. Бул тоо-кен ишканалардан түшкөн кирешелерди максаттуу пайдаланып жатканыңардан кабар берет. Буйруса мындай өсүүлөр менен Чаткал районунун экономикалык -социалдык абалы жакынкы жылдарда мыкты деңгээлде жакшырат деп ишенем дейт өз сөзүндө.