Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
"КРНЫН ПРОКУРАТУРАСЫНА 100ЖЫЛ " - аталыштагы иш- чара Чаткал райондук прокуратурасында өттү
24-04-2024

"КРНЫН ПРОКУРАТУРАСЫНА 100ЖЫЛ" аталыштагы иш - чара Чаткал райондук прокуратурасында өттү
2024-жылдын 24-апрелинде Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан Каныш-Кыя айылындагы Байдөөлөтов атындагы жалпы орто мектебинин окуучуларына Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100-жылдык тарыхын тааныштыруу иш-чарасы өттү.
Анда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100-жылдык тарыхы жана Чаткал райондук прокуратурасынын тарыхы тааныштырылды.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын тарыхы:
- 1924-жылдын 22-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялык областынын Революциялык комитетинин Президимунун №6 токтому менен 15 адамдан турган алгачкы прокуратура түзүлгөн.
- 1936-жылдын 1-августунда Кыргыз АССРнин прокуратурасы Кыргыз ССРнин прокуратурасы болуп түзүлгөн.
- 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн эгемендүүлүгү жарыяланган.
- 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңе-шинин XII сессиясында Кыргыз Республикасы¬нын Конституциясы кабыл алынган.
- 1993-жылдын 18-январында Жогорку Кеңештин XII сессиясында "Кыр¬гыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган.
- 2021-жылдын 5-майында Референдум менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган жана Прокуратура атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын катарына киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
1980-жылы Чаткал району уюшулуп, ошол эле жылы Чаткал райондук прокуратурасы уюшулган. Чаткал райондук прокуратурасынын 44-жылдык тарыхында Чаткал районунун прокурору болуп 15 прокурор эмгектенишкен.
Окуучулар прокуратура жаатында кызыккан суроолорун берип, жооп алышты. Жаш өспүрүмдөр арасында кесип тандоодо дагы прокуратура органы стимул болушту. Баарлашуу мыкты деңгээлде өттү.
Иш - чара окуучулардын өз укуктарын билүүдө, коомчулукта кылмыштуулукту болтурбоо багытында дагы алардын аң - сезимин өзгөртүүгө өбөлгө боло алды.
Сүрөттөр