Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан "Ишкердик субъекттерин текшерүүнү каттоо автоматташтырылган системасы жана бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси иштей баштады
28-02-2024

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан "Ишкердик субъекттерин текшерүүнү каттоо автоматташтырылган системасы жана бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси иштей баштады
Бүгүн Чаткал райондук сотунун жыйындар залында Чаткал районунун прокурору Н.Бекишов, райондук салык кызматынын башчысы М.Токтобаев, райондун ИИБнин орун басары М.Мамадинов район аймагындагы жеке ишкерлерге жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө прокурордун жардамчысы Ч.Эркесариев доклад жасап, эгерде жеке ишкердик жүргүзүүгө тоскоол жаратып жаткан учурлар, кээ бир субъекттер тарабынан бут тосуулар жаралган учурда райондук прокуратуранын ишеним телефонуна кайрылса болоорун баса белгилеп өттү.
Жыйынга катышкан ишкерлер ар түрдүү суроолорду берип, тийиштүү жетекчилерден жоопторун алышты.Ошондой эле аларга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан "Ишкердик субъекттерин текшерууну каттоо автоматташтырылган системасы жана бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси менен иштөө бир топ ыңгайлуу экендиги айтылып, түшүндүрмө берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 09.01.2024-жылдагы "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" №1-жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы №2К сандуу көрсөтмөсүн аткаруу максатында Чаткал райондук прокуратурасы мындай түшүндүрүү иштерин байма бай өткөрүп келет.
Сүрөттөр