КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ТОРОБАЕВ БАКЫТ ЭРГЕШЕВИЧ ЧАТКАЛ РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

14-08-2024

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Торобаев Бакыт Эргешевич Чаткал районунун тургундары менен жолугушту

 Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Бакыт Эргешевичтин Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушуусу Чаткал районунда уланды.

 Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Каимов Нурбек Узгенович, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич, район акими Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич, тармактык министрликтер ,ведомстволордун өкүлдөрү, райондук жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

 Район акими А. Сенирбаев 2022-2023-2024-жылдардагы тактап айтканда 3 жыл аралыгындагы өнүгүүлөрдү, аткарылган иштер боюнча маалымат берди жана келечекте аткарыла турган чоң долбоорлор боюнча айтып өттү.

 Жыйынга келген жергиликтүүлөр аймактагы бир катар көйгөйлөрдү айтышып, жеке укуктук маселелери боюнча кайрылышты. 

 Анын бир мисалы айылдардагы таза жана сугат суу көйгөйү, мектептердин курулушу,Чаткал районундагы жол, жайыт сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Анткени район калкы айыл чарба жана мал чарба менен тиричилигин өткөрүп келишет.

Жыйындын соңунда Төрөбаев Бакыт Эргешевич айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ар бир көйгөйдү өз учурунда чечилүүсүн тапшырма кылды.

 

Сүрөттөр