Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына карата юбилейлик медалы менен Чаткал районунун мыктылары сыйланды
07-03-2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына карата юбилейлик медалы менен Чаткал районунун мыктылары сыйланды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев жолдун катаалдыгына карабай Чаткал районуна келип, билим берүү жана оорукана тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал калктын социалдык абалынын жакшырышы, жыл сайын жумушчу орундардын түзүлүп жаткандыгы жакшы жышаан деп белгилейт.
Чаткал районунун акими А. Сеңирбаев район 2023 - жылы аткарылган иш- пландар туурасында жана туризм тармагын өнүктүрүүдөгү, 2024 - жылы аткарыла турган жумуштар боюнча маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Каныш -Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин материалдык базасын чыңдоо максатында 3 компьютер, 1 интерактивдик доска тапшырды.
Аппарат жетекчи жыйын соңунда райондун өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон, өз ишин берилгендик менен аткарган жарандарга сыйлык тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына карата юбилейлик медалы менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары АлтынайТаштанбаева жана С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Момбекова, ушул эле мектептин математика мугалими Бермет Чоюнова сыйланды.
С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билими берүүчү мектебинин директору Мухтар Надырбеков жана
Чаткал райондук жалпы дарыгерлик борборунун врачы Байдылда Баймырзаев Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына ээ болушту.
Сыйлыгыңыздар кут болсун !!!
Сүрөттөр