Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Чаткал районуна иш сапары менен келди

06-03-2024

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алымбаев Алайбек Анаркулович Чаткал районуна иш сапары менен келди

       КРнын ЖК аппарат жетекчиси Алымбаев Алайбек Анаркулович Чаткал районундагы бир катар мекеме- ишканаларга барды.

       Аппарат жетекчи Чаткал районунун Сумсар айылындагы 150 орундуу тигүү цехинин курулуш иштери менен таанышты. Бул имарат союз мезгилинде техникалык тетиктерди чыгарган завод болуп, кийин 30 жылдан ашуун жумуш токтоп калгандыктан имарат бир топ ремонт иштерин талап кылчу абалга кептелген. Кыдырууда тигүү цехине пландалган имараттын ремонту бачым бүткөрүлсө, жумушчу орундар түзүлүп, калкка жакшы жагдай түзүлөрүн айтты.

       Андан соң Алайбек Алымбаев Сумсар айылындагы Сумсар орто мектебине кошумча имарат куруу боюнча жеринде таанышты. Улам жыл өткөн сайын, калктын саны өсүп, кошумча имарат салуу муктаждыгы жаралганын мектеп жетекчиси айтып берди. Алымбаев келечек муундарыбыздын билим алуусуна тоскоолдук жаралбашы керек. Бул маселени колго алабыз деген оюн айтты.

      Ал эми Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин кызматкерлери менен жолугушуп, пикир алышты. Кыдырууда Чаткал району ар тараптуу өнүгүү жолунда экендигин белгилеп өттү. Билим берүү жаатында да Чаткал району мыкты экендигин тастыкташууда. 

         Жыйындын соңунда Т️ерек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинини окуу бөлүмүнүн башчысы Мукаддас Чындөлөтовага жана Гулмира Шералиевага КРнын Жогорку Кеңешинин төш белисин тапшырды.