Лицейге жаңы директор дайындалды

13-02-2024

         Чаткал районунун Каныш -Кыя айылындагы №46-кесиптик лицейине жаңы директор дайындалды

        КРнын Билим берүү министрлигинин буйругу менен Талантбек Ботобеков Чаткал районунун Каныш -Кыя айылындагы №46-кесиптик лицейине директор болуп дайындалды. 

        Жаңы директорду лицейдин кызматкерлерине Чаткал районунун акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева тааныштырды. Ботобековдун жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалап, районго керектүү адистерди сапаттуу даярдап чыгышына ишенерин билдирди. 

         №46-кесиптик лицейде 2023-2024- окуу жылына 100 окуучу кабыл алынган

- Автомеханик 2 жылдыкка – 25 окуучу

- Электромонтер 10 айлыкка-25 окуучу

- Тигүүчү 10 айлыкка – 25 окуучу

- Өткөөлчү 10 айлыкка – 25 окуучу

       Мындан сырткары айыл чарбасынын трактористи, байытуучу, өткөөлчү,ашпозчу адистигин 76 окуучу аяктап, диплом алган.

     Лицейдин кызматкерлери жаңы жетекчини жылуу кабыл алышты. 

Эскерте кетсек, Т.Ботобеков буга чейин Сумсар айыл аймагынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Сүрөттөр