Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУ МАКСАТЫНДА
28-10-2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы ПЖ №17 “2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу” Жарлыгынын негизинде өлкө аймагында мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, алардын ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү боюнча окуу курстарына жиберилип, комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган стратегиянын алкагында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери да өз потенциалын жогорулатуу, заманбап билимдерди өздөштүрүү жана кызматтык милдеттерин аткарууда жаңы ыкмаларды колдонуу максатында окутуу курстарына активдүү катышып келишет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик заказдарынын негизинде 2025-жылдын башынан бери 10 административдик кызматкердин ичинен 8 кызматкер ар кандай тематикалык багыттар боюнча 2–3 жолудан окутуу курстарынан өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушкан. Бул курстар мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, этикалык стандарттарды кармануу, жарандар менен иштөө маданиятын өркүндөтүү жана натыйжалуу башкаруу системасын өнүктүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.