Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Чаткал районунун Чакмак-Суу, Башкы - Терек, Коргон-Сай айылдарында жайгашкан мектеп жана мектепке чейин билим беруу уюмдарында декларация боюнча окуу өткөрүштү.
28-01-2024

Окуунун жүрүшүндө кызматкерлер декларацияны кантип толтуруу керектигин кеңири түшүндүрүп беришти.
Декларацияны кантип тапшырат?
- ️Жеке ишкерлер электрондук формада гана тапшырууга милдеттүү.
- Жеке жактарга болсо тандоо берилет. Алар электрондук түрдө же кагаз түрүндө тапшырса болот.
- Бардык салык төлөөчүлөр өзү жашаган жер боюнча салык кызматына барып “Жеке кабинет” бөлүмүнө катталып, логин алышы керек.
Кимдер тапшырат?
- жеке ишкерлер;
- патент менен иштегендер;
- менчик транспорт каражаты, салык салынуучу мүлкү барлар (аянты 80 чарчы метрден көп болгон батир, аянты 150 чарчы метрден көп жер үй. Андан тышкары жер тилкеси) бар жеке жактар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында тургандар;
- илимий-изилдөө,
- чыгармачылык,
-окутуучулук,
- дарылоо, ден соолукту чыңдоо,
калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
-мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
-эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.
Канча убакытта тапшыруу керек?
- жеке жактарга үстүбүздөгү жылдын 1- майга чейин, ал эми юридикалык жактар 1- апрелде чейин;
Эгер декларация тапшырбасаңыз эмне болот?
- юридикалык жактарга 5 миң сом, жеке жактарга 1 миң сом айып салынат.
- Айрым учурда сотко өтүп, ар кандай чектөөлөр коюлуп калышы дагы ыктымал.
Мындай окутуу райондун бардык мекеме-ишканаларында өткөрүлөт дейт Мамлекеттик Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Маратбек Токтобаев. Ошондой эле жергиликтүүлөрдү өз убагында декларация тапшырууга чакырат!
Сүрөттөр