Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Миграцияга байланыштуу маселелер ортого салынды
28-08-2025

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда миграция маселелерине арналган маанилүү жыйын болуп, ага район жетекчилиги, жергиликтүү тургундар жана өлкө жетекчилигинен келген өкүлдөр катышты.
Иш-чарада мигранттардын учурдагы абалы, алардын аймактын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча Кеңештин эксперти Рахман Медер чыгып сүйлөп, мамлекет тарабынан чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо жана жашоо-шартын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул багытта бир катар мыйзамдар кабыл алынып, өкмөттүк программалар ишке ашууда.
Ошондой эле, аталган Кеңештин Россия Федерациясындагы коомдук өкүлү Айнаш Козубаева Орусиядагы кыргызстандыктардын учурдагы абалына токтолду. Ал документтерди каттоо, жумуш орундарын табуу жана социалдык коргоо жаатындагы негизги көйгөйлөрдү белгиледи. Айнаш Козубаева мекендештерге жардам көрсөтүү үчүн Россияда атайын маданий борборлор ачылып, коомдук уюмдар менен тыгыз кызматташуу жүрүп жатканын кошумчалады.
Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев миграциянын райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу айтып, мигранттардын которгон акча каражаттарынын эсебинен райондун экономикасы көтөрүлүп, турмуш-шарт жакшырып жатканын оң жагы катары баалады. Ошол эле учурда, жаштардын атайын билими жок эле чет өлкөгө чыгып кетип, ал жакта жарытылуу жумуш таппай, убакытты текке кетирип жаткандыгы сыяктуу терс көрүнүштөргө да токтолду.
Ал эми район акиминин биринчи орун басары Чолпон Абдыкалыкова мигранттар менен түздөн-түз байланышты күчөтүү керектигин баса белгиледи. Ал "Чаткал Инвест" аттуу атайын платформа жөнүндө жарыялап, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо жана туулган жеринде ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын белгиледи. Бул платформаны ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актыларга толуктоолорду киргизүү же районго пилоттук программа киргизүү менен Чаткал районун реалдуу өнүктүрүүгө кадам таштала тургандыгын айтты.
Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча Кеңеш менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда миграция маселелери боюнча кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул меморандум аймактагы миграция менен байланышкан маселелерди чечүүдө эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө негиз болоору белгиленди.
Сүрөттөр