Өнүктүрүү фондунун эсебинен ирригация жакшырууда

25-09-2024

Кыш алты ай өкүм сүргөн Чаткал районунда ирригация тармагында иш кызуу куруп жатат.Башкача айтканда, аймакта буга чейин иштетилбей келген кайракы жерлерди суугатка айландыруу жумуштары колго алынган. Айталы Аэропорт учаскасына суу чыгаруучу насос коюлду.Эми бул насос аркылуу 21 чакырым жер суугарылат.Аны менен катар 1979-жылы экспулатацияга берилген,Ак-Суу каналында ондоп-түзөө жумуштары да журуп жатат.Ал учун райондук Өнүктүрүү фондунан 2 миллион сомдон ашуун акча каражаты бөлүнгөн.

 Ондоп-түзөө жумуштары 15 кун мурун башталган.Ага жалпы Суу чарба кызматкерлери тартылган.Күн-түн дебей иштеген кызматкерлер дыйкандардын сууга болгон муктаждыгы биринчи орунда дешет.

 Ак-Суу каналы аркылуу буга чейин 150 гектар жер суугарылчу.Эми оңдоо жумуштары аягына чыгарылса, жалпы 300гектар жерге суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү жаралат.Бул канал аркылуу суу ичкен жер аянттарына көбүнчө дыйкандар көп жылдык чөп жана дан эгиндерин эгишет.Суу муктаждыгынын чечилип жатканы элет элин да кубандырат.

 Чаткал райондук суу чарба бөлүмүнө караган жалпы 47 чакырым канал бар. Андан 2019 гектар жер аянты суугарылат.Жылдан жылга райондогу каналдар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.Атап айтканда өткөн жылы Афлатун каналы да оңдоодон өтүп дыйкандардын сууга болгон көйгөйү чечилген.

Сүрөттөр