ОҢОЙ АКЧАГА ЭЧ КИМ АЗГЫРЫЛБАСЫН!

01-09-2025

Урматтуу Чаткал районунун тургундары!

 

Жакында эле эки жердешибиздин кайгылуу өлүмү тууралуу суук кабарды уктуңар. Бул окуя биздин баарыбызды терең ойлондуруп, тынчсыздандырышы керек. 

 

Эки жарандын чек ара аймагынан эндик өсүмдүгүн терип жүрүп каза болгону — өтө өкүнүчтүү жана жүрөк ооруткан окуя.

Чек ара — тамаша эмес, коопсуздук аймагы!

 

Ушул жылдын 25-августунда Айгыр-Жал айылынын эки тургуну дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Тилекке каршы, 28-августта Өзбекстан тарап аларды 15-августта чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармоо учурунда ок атканынын натыйжасында каза болгонун тастыктады.

 

Бул окуя бизге чек ара аймагындагы эрежелердин жана мыйзамдардын канчалык олуттуу экенин дагы бир жолу эскертип турат.

 

 Чек ара — бул жөн эле сызык эмес, ал мамлекеттин коопсуздугу жана эгемендиги. Чек арадан мыйзамсыз өтүү — бул кылмыш жана анын кесепети өтө оор болушу мүмкүн. Чек арачылар өздөрүнүн аймагын коргоого милдеттүү жана алар мыйзам чегинде курал колдонууга укуктуу.

 

Эскертүүлөр — сиздин коопсуздугуңуз үчүн!

 

Райондук жетекчилик, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан эндик казуу маселеси боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Элдик жыйындарда, расмий кайрылууларда дайыма эндик издеп, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салбоого чакырыктар жасалып келген. Бирок, тилекке каршы, айрым жарандар бул эскертүүлөргө маани бербей, өз билгенин кылып, мына ушундай кайгылуу окуяга себепчи болушту.

 

Эсиңиздерде болсун, эч кандай акча, эч кандай пайда сиздин өмүрүңүздөн жогору тура албайт.

 

Мыйзамсыздыктын кесепети

Эндик өсүмдүгүн мыйзамсыз казуу — бул мыйзамсыз иш. Мындан тышкары, чек арадан мыйзамсыз өтүү — мамлекеттик мыйзамды одоно бузуу.

 

 Бул эки жарандын өлүмү бул мыйзамсыздыктын жана аскердик тартипти этибарга албагандыктын трагедиялуу натыйжасы.

 

Урматтуу Чаткалдыктар! Биздин жашоо жана келечегибиз баарынан кымбат. Бир-эки күндүк пайда үчүн мыйзамды бузуп, өмүргө коркунуч келтирүү туура эмес.

 

 Өзүңүздөрдү гана эмес, жакындарыңызды, үй-бүлөңүздү да ойлоңуз. Эч кандай акча алардын көз жашын жана кайгысын актай албайт.

 

Башка жарандар мындай катаны кайталабашы үчүн бул окуя баарыбызга сабак болсун. Чек арага жакын аймактарда этият болуп, эрежелерди так сактаңыздар. Жашооңуздарды тобокелге салбаңыздар!

 Эки жараныбыздын жаткан жери жайлуу болсун.

Сүрөттөр