ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙЛӨР ОРТОГО САЛЫНДЫ

09-09-2025

Бүгүн, Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө Чаткал районунун аймагында орун алып жаткан шылуундукка байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоо максатында жыйын болуп өттү.
 Иш-чарага мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана райондук №46 кесиптик лицейинин окуучулары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө алгач шылуундук маселеси көтөрүлдү.
 Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери сөз сүйлөп, акыркы мезгилде интернет жана мобилдик каржы кызматтары аркылуу жасалып жаткан алдамчылыктардын кесепеттерине токтолду. Ал жарандарды өздөрүнүн атына катталган SIM-карталарды үчүнчү жактарга бербөөгө, күмөндүү шилтемелерди ачпоого жана каржы тиркемелеринде сак болууга чакырды.
 Ошондой эле, «Мбанк» жана башка мобилдик колдонмолор аркылуу жасалып жаткан алдамчылык фактылары боюнча алдын алуу чаралары боюнча кеңири маалымат берди.
Андан соң, жыйындын күн тартибиндеги экинчи маселе – эндик өсүмдүгүн мыйзамсыз казуу жана чек арадан уруксаты жок өтүү учурлары талкууланды.
 Билдирилгендей, айрым тургундар тоо этектериндеги эндик өсүмдүгүн казуу үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп, коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалып калышууда. Өкүнүчтүүсү, жакында эле чаткалдык эки жаран чек арада кырсыкка кабылып, каза тапкандыгы белгиленди.
Бул маселеге байланыштуу райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматкери маалымат берди.
Бул маселе боюнча КР.УКМКнын райондогу өкүлү А. Зарылбеков жана район прокурорунун жардамчысы С. Кочкорбаев жарандарды мыйзамдарды так сактоого, чек ара эрежелерин бузбоого жана кооптуу аракеттерден алыс болууга чакырышты.