Район жетекчилеринин катышуусунда алдыда шаан-шөкөттөргө чек коюуу туурасында жыйын болду

15-05-2024

 Район жетекчилеринин катышуусунда алдыда шаан-шөкөттөргө чек коюуу туурасында жыйын болду

 Жыйынга Чаткал районунун акиминин орун басары А.Таштанбаеванын, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Эмилбек уулу, Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Р.Бусурманкулов, Чаткал районунун прокурору Н.Бекишов, Аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Кулиев жана Аялдар кеңешинин төрайымы Г.Акылбекова, Чаткал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Б.Бексариевдердин катышты.

 2024-жылдын 15-мартында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын N91-б буйругу чыккан.

Район жетекчилери анын негизинде райондун аймагында жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган зордук-зомбулуктардын, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча комиссия курамы түзүлүп, анын алкагында иш- чаралар планы бекитилген.

Аталган комиссиянын кезектеги жыйыны бүгүн район борбору Каныш-Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө болду.

Жыйында негизги маселе-быйылкы окуу жылындагы "Акыркы коңгуроо" иш чарасын уюшкандыкта жана коопсуз шарттарда өткөрүп алуу маселеси каралды.

Мында, район акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева бүтүрүүчү уул-кыздары үчүн айрым ата-энелер ыксыз акча топтоо, кымбат кийимдерди алып берүү, кыздарды сулуулук салондорунда жасантуу сыяктуу ыксыз чыгашаларга барбоону эскертип, мында эң башкысы бүтүрүүчү уул-кыздар үчүн тынч жана коопсуз шарттарды түзүү керектигин белгиледи. 

Ал эми, райБББ башчысы Талантбек Эмилбек уулу бүтүрүүчүлөрдү мектептен коопсуз шарттарда узатуу боюнча жалпысынан тийиштүү аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Буга улай, аталган комиссиянын башка мүчөлөрү жана мекеме жетекчилери "Акыркы коңгуроо" иш чарасын белгилөөдө ашкере кооптуу жана мыйзамдан тыш кадамдарга барышып, бүтүрүүчүлөрдүн ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуулук жараткан жагдайлар жаралбоосу боюнча мыйзам чегинде тийиштүү эскертмелерди беришип, ага байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйында Чаткал РИИБ башчысынын орун басары, милициянын майору Руслан Бузурманкулов ата-энелерге "Акыркы коңгуроо" иш чарасын мыйзам чегинде өткөрүү боюнча кайрылып, эгерде эскертүүлөргө карабай ата-энелер өздөрү баш болуп уюштурган түнкү көңүл ачуу, жаратылыш койнуна чыгып эс алуу сыяктуу учурлар катталса жана кандайдыр кооптуу жагдайлар жүз берсе ички иштер бөлүмү тарабынан мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жыйында буга кошо "Алиппе менен коштошуу" майрамы сыяктуу ыксыз шаан-шөкөттөргө чектөө киргизүү тууралуу талаптар коюлду.

Буга чейин аталган комиссия тарабынан бир нече айылда жыйындар өткөрүлүп, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Сүрөттөр