Райондогу коррупцияга каршы күрөш: Жыйында жетекчилерге катуу эскертүү берилди

28-08-2025

Бүгүн, райондогу коррупцияга каршы аракеттерди координациялоо боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү. 
Жыйында райондун мамлекеттик жана муниципалдык органдарында акыркы мезгилде байкалган коррупциялык көрүнүштөр боюнча кескин сын айтылып, тиешелүү жетекчилерге жана кызматкерлерге катуу эскертүүлөр берилди.
Жыйынга район акими Алтынбек Сеңирбаев, КР УКМКнын облустагы башкы башкармалыгынын Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы Самат Байыз уулу жана район прокурорунун жардамчысы Санжар Кочкорбаев катышты.
 Жыйында жетекчилер коррупция мамлекеттин өнүгүшүнө жана жарандардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген олуттуу көйгөй экенин белгилешти.
Жыйында айрыкча, мамлекеттик сатып алуулар (тендер) жана бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы коррупциялык схемаларга көңүл бурулду. Тендерлерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жеке кызыкчылыктарды мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору коюу сыяктуу мисалдар айтылды.
Район акими жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керектигин баса белгилеп, ар бир мамлекеттик кызматкердин милдети ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерине таянуусу керектигин эскертишти.
 Алар билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине өзгөчө кайрылышып, бул тармактарда коррупцияга жол бербөөгө чакырышты.
Жыйынтыктап айтканда, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдөө максатында бир катар иш-чараларды ишке ашыруу боюнча  эскертүүлөр жасалды.

Сүрөттөр