Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Районду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда
15-09-2025

Бүгүн, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу жыйын болуп өттү.
Жыйында райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Рустамалы Асанбаев мекеме жана ишканалардын жетекчилерине кайрылып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган сунуштарды жана демилгелерди активдүү түрдө киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Ал бүгүнкү күндө түшүп жаткан сунуштардын саны өтө аз экендигин айтып, ар бир жетекчини бул маселеде жоопкерчиликтүү жана жигердүү болууга чакырды.
Жыйындын жүрүшүндө айрым мекеме, уюмдардын жетекчилери өз сунуштарын жана демилгелерин ортого салып, район үчүн маанилүү болгон айрым маселелерди көтөрүштү. Алардын арасында инфраструктураны жакшыртуу, мал чарбасын, кайра иштетүүнү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана социалдык тармактарды өнүктүрүү багытындагы сунуштар да болду.
Жыйындын соңунда райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги бардык мекемелердин жетекчилеринөн аймактын өнүгүүсүнө салым кошо турган иштиктүү сунуштарды берүү менен бирге, учур талап кылган маселелерди чечүү жолдорун сунуштоо боюнча өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
Сүрөттөр