Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Райондук токой чарбасына жаңы директор дайындалды
15-09-2025

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын буйругу менен Чаткал токой чарбасынын директору болуп Мамадиев Мамбеткул Тажимаматович дайындалды.
Бүгүн жаңы жетекчи эмгек жааматка жана район активине тааныштырылды.
М.Мамадиев — токой тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ адис. Ал 1985-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Шакафтар айылында туулган.
2004–2010-жылдары ЖАМУнун Токой чарба инженерия факультетин аяктап, “Токой чарба инженери” адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2006-жылы Ала-Бука токой чарбасында баштап, ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган. Тактап айтканда, 2008–2011-жылдары Терек-Сай токойчулугунда башчы, 2011–2018-жылдары токойду коргоо жана сактоо инженери, 2018–2022-жылдары Ала-Бука токой чарбасында токойду коргоо жана сактоо инженери болуп эмгектенген. 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ала-Бука токой чарбасынын башкы токойчусу кызматын аткарып келген.
Жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалайбыз.