Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
РАЙОНДУН 5 ЖЫЛДЫК СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ СУНУШТАЛДЫ
17-09-2025
Бүгүн, Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө Чаткал районунун 2035-жылга чейинки комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүү программасы коомчулукка сунушталды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомчулук катышты.
Жыйындын алкагында райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Рустамалы Асанбаев слайд-презентация аркылуу программаны кеңири тааныштырды.
Программада төмөнкү тармактарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт катары белгиленди:
1. Инфраструктура
2. Экономика жана инвестиция,
3. Социалдык чөйрө,
4. Маданият
5. Айыл чарбасы
6. Туризм
7. Экология
8. Спорт жана жаштар
9. Коопсуздук
Туризм багытында агро-туризм, этно-туризм, гастро-туризм, эко-туризм, кышкы жана жайкы туризмди өнүктүрүү;
Инвестиция тартуу максатында иштелип чыккан "Чаткал Инвест" платформасы, миграцияда жүргөн мекендештердин өз айылында ишкердик кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө "Чаткал Инвест - Мекендеш" программасын, о.э. онлайн-бизнес жана онлайн-базар аянтчаларын түзүү;
Chatkal.online веб сайты жана “Санарип-Чаткал” долбоорун ишке ашыруу;
онлайн-билим берүү платформаларын өнүктүрүү.
Мындан сырткары, программада айыл чарба тармагын модернизациялоо, жергиликтүү өндүрүштү колдоо, кичи жана орто ишкерликти кеңейтүү, жаштарды инновациялык долбоорлорго тартуу сыяктуу багыттар да камтылган.
Жыйынга катышкан тургундар сунушталган программа боюнча өз ой-пикирлерин билдиришип, сунуш-пикирлерин беришти. Район жетекчилиги ар бир көтөрүлгөн маселе эске алынып, ишке ашырууда коомчулук менен тыгыз кызматташуу болоорун белгиледи.
Бул программа Чаткал районунун келечектеги туруктуу өнүгүүсүнө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана жашоочулардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.
Сүрөттөр