Райондун өнүгүүсү-биргелешкен аракетте

26-03-2025

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары менен отурум өткөрдү.

 Жыйындын жүрүшүндө аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Район акими Алтынбек Сеңирбаев районго республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышынын маанилүүлүгүн белгилеп, курулушу жүрүп жаткан жана пландалган ири долбоорлор боюнча маалыматтарды айтып, мындан башка бир топ учур талап кылган маселелерди ортого салды.

 Алардын катарында Чаткал-Ала-Бука жана Ташкент-Чаткал автоунаа жолдорунун курулушу, "Чаткал-Резорт" тоо-лыжа комплекси, районго аэропорт куруу демилгеси, чакан ГЭСтерди куруу жана ирригациялык маселелерди чечүү иштери бар.

Жыйында алгач, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Мирбек Козубаев райондук бийлик менен айылдык кеңештин кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, өнүгүү жолунда биргеликте аракет көрүү зарылдыгын айтты.

 Айылдык кеңеш тин депутаттары тарабынан райондогу жолдорду кеңейтүү, көпүрөлөрдү куруу, электр энергиясын туруктуу камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин материалдык базасын жакшыртуу, маданият үйлөрүн куруу, эс алуу парктарын уюштуруу, жайыттардын абалын жакшыртуу, фермерлерди колдоо, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, айрым айылдарда таштанды төгүүчү жайларды башка жерге көчүрүү, ирригациялык тутумдарды жакшыртуу маселелери белгиленди.

Аким Алтынбек Сеңирбаев депутаттардын сунуштарын колдоп, аларды ишке ашыруу үчүн тийиштүү мекемелер менен биргеликте аракет көрүлөөрүн билдирди.

Ал долбоорлоо иштерине адистерди тартуу, социалдык жардамдарды адилет бөлүштүрүү жана туризмди өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлөрүн айтты.

Отурумдун соңунда Чаткал районун ар тараптан өнүктүрүү үчүн биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашууга жетишилди.

 Мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өтүп, көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында талкууланып турмакчы.

Сүрөттөр