Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Республикалык деңгээлде өтүүчү олимпиадага Чаткал районунан 2окуучу барат
28-02-2024

Республикалык деңгээлде өтүүчү олимпиадага Чаткал районунан 2 окуучу барат
Бүгүн Жалал -Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинде жана Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейинде Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларынан тандалган окуучулар катышкан Республикалык олимпиаданын 3-туру (областык деңгээлде) болду.
Ага Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептерден жалпы 25 окуучу катышып, төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө ээ болушту
- А.Айымбетов мектебинен;
Кыргыз тили жана адабияты сабагынан
Максымалиева Гульмайрам Кутманбековна
1-орун
- Исмаил уулу Матиш мектебинен;
Математика сабагынан
Түлөгулова Бегимай Нурбековна
2-орун
- Исмаил уулу Матиш мектебинен;
Тарых сабагынан
Болотбекова Медина Болотбековна
3-орун
- С.Байдөөлөтов мектебинен;
Орус тили жана адабияты сабагынан
Төрөкулова Гүлназик
4-орунду багындырды.
Билим таймашынан жеңүүчү болгон окуучуларды, предметтик мугалимдерин куттуктайбыз жана ыраазычылык билдиребиз.
Облустун эң алыскы райондорунун бири болсо да Чаткал районунун билим берүү бөлүмү бул олимпиадада сапаттуу билимин тастыктай алышты.
Сүрөттөр