Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү жумуштары жүрдү

01-02-2024

 Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан район аймагындагы мекеме-ишканаларда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Өрт коопсуздугун алдын -алуу үчүн эрежелерди так сактоону адистер эскертет. 

Үйдөн чыгып бараткан учурда электр приборлорун өчүрүп чыгууну, эскилиги жетип калган коопсуз электр шаймандарды пайдаланбоону эскертти. 

Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Замир Мурзатов кыш айларында үйлөрдө мешке от жагылгандыктан жергиликтүүлөрдү кооптуу болууга үндөдү

Сүрөттөр