Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
05-11-2025
Бүгүн, Чыңгыз Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдык көрүү максатында маалыматтык жыйын болуп өттү. Иш-чарага райондук мекеме жана уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлери катышты.
Жыйында Чаткал районунун прокурору Нурлан Бекишев катышуучуларга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын негизги жоболору тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, шайлоо процессинде мыйзамдын так аткарылышынын маанисине токтолду.
Ал өз сөзүндө белгилегендей, мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жетекчилер тарабынан административдик ресурстарды колдонууга, шайлоо алдындагы үгүт иштерине кызматтык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, же болбосо кызматтык көз карандылыгы бар кызматкерлерди талапкерлерди колдоого тартууга тыюу салынат.
> “Шайлоо — бул ар бир жаран үчүн өзүнүн эркин тандоо укугун ишке ашыруунун негизги формасы. Ошондуктан, ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер мыйзамдын талаптарын так сактап, нейтралдуу позицияны кармашы зарыл. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берген кызмат адамдары мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартылат”, — деди район прокурору Нурлан Бекишев.
Жыйындын соңунда катышуучуларга суроо-жооп формасында талкуу уюштурулуп, шайлоо мыйзамдарынын аткарылышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Сүрөттөр