Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Социалдык контракт
14-11-2024

Социалдык контракт - жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу.
✅Бүгүн 2024- жылдын 13- ноябрында райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында социалдык контракттын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынан 17 жарандын бизнес долбоорлору жактырылды.
✅Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Ж.Орозказиева бизнес долбоор жазган жарандарга 100 000 сомдук сертификаттарды тапшырды.
#Чаткалрайону
#Чаткалрма
Сүрөттөр