Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Сумсар ЖОББ мектеби жана В.И.Ленин атындагы жатак мектеби акылдуу доскалуу болушту
29-04-2024

Сумсар ЖОББ мектеби жана В.И.Ленин атындагы жатак мектеби акылдуу доскалуу болушту
Чаткал районунун Шекафтар айылындагы В.И.Ленин атындагы жатак мектебин 1984- жылы бүтүргөндөр Асылбек Муратов баштаган классташтар жааматы жатак мектебине акылдуу доска жана 127 даана пластик терезе белек кылды.
Мындан сырткары Сумсар ЖОББ мектебине да акылдуу доска алып берди. Эки мектепте тең буга чейин акылдуу доска болгон эмес.
Бүтүрүүчүлөр 40 жылдык маарекенин урматына алып беришкен. Буга чейин дагы айыл калкына, жергиликтүүлөргө жардамын аябаган кыргыздын мыкты уулдары үчүн бул кезектеги гана жардам. Мындан кийин дагы муктаждыктарды жоюуу аракеттерин көрөбүз дешет демөөрчүлөр.
Мектеп жааматы дагы күтүлбөгөн чоң белек болду дешет. Анткени бул терезелерди алмаштыруу үчүн бир топ түйшүк, мээнет, каражат жумшалмак. 1даана эмес же 10 даана эмес 127 даана терезени алып берүү акчасы көп болгон байлардын дагы баарынын колунан келе бербейт.
Белек алуучулар кубанычы коюнуна батпай, алкап, иштерине ийгилик каалап баталарын беришти.
Кыргыздын чыгаан уулдары көп болсун🤲👍
Сүрөттөр