УЛГАЙГАН ИНСАНДАРГА УРМАТ-СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

30-09-2025

 

 1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө арналган райондук маанидеги салтанаттуу иш-чара белгиленди.

 

Иш-чара Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн концерттик залында өтүп, анда курагы 70 жаштан жогору улуу муундагы адамдар үчүн атайын майрамдык программа тартууланды. Концерттик номерлер катышуучулардын көңүлүн көтөрүп, жылуу маанай жаратты.

 

Салтанатта райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Шекер Жумабекова жана башка жетекчилер сөз сүйлөп, куттуктоолорун айтышты. Ошондой эле, район акими Алтынбек Сеңирбаев көп жылдык эмгеги жана коомго кошкон салымы үчүн айрым энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдарын тапшырды.

 

Расмий маалыматка ылайык, учурда район аймагында 100 жаштан ашкан 2 жаран, 90 жаштан жогору 38 жаран жана 70 жаштан өйдө 849 жаран жашайт.

Сүрөттөр