Ыйгарым укуктуу өкүл Чаткалда

23-09-2025

 

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районуна иш сапары менен келип, жергиликтүү калк менен ачык диалог өткөрдү.

 

Жолугушуу Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө өтүп, ага район тургундары менен бирге облустагы тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана адистери да катышты. Жыйындын негизги максаты – жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угуп, ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерди жеринде талкуулоо болду.

 

Өз сөзүндө өкүл райондо бир катар социалдык-экономикалык ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи. Анын ичинде салыктык жыйымдардын пландан ашыкча аткарылып жатканы, жолдорду асфальттоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүп жатканын баса белгиледи.

 

Жолугушууда тургундар тарабынан бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда:

 

айылдардагы таза суу жетишсиздиги;

 

Талас облусу менен жайыт пайдалануудагы талаш маселелер;

 

чачыранды алтын казуучу чакан компаниялардын ишмердүүлүгү жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири;

 

кен казылган жерлерди рекультивациялоо иштеринин аткарылбай жатышы;

 

айыл өкмөтү тарабынан курулган электр көмөк чордондорунун райондук электр тармактары ишканасынын балансына өткөрүлүшүнүн кечеңдеп жатышы;

 

айыл аймактарына караштуу суугат каналдарын райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүүнүн жай жүрүшү;

 

райондук нотариалдык кеңсеге өзүнчө имарат бөлүү маселеси;

 

райондук кесиптик лицейдин имараттарын капиталдык оңдоого муктаждыгы.

 

Калк көтөргөн ар бир суроого тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана адистери жеринде жооп берип, айрым маселелер боюнча ыкчам чаралар көрүлөрү белгиленди.

 

Иш сапардын жыйынтыгында өкүл мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке калк көтөргөн көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө карап чыгып, мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмаларды берди.