Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
"Ыр кесе - 2024" иш чарасы Чаткал райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалды
09-05-2024

“Ыр кесе-2024”иш чарасы Чаткал райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалды
2024-жылдын 8-майында Ч. Айтматов атындагы маданият үйүндө ЧРМА тарабынан уюштурулган “Ыр кесе-2024” оюн -зоок программасынын кезектеги бөлүгү райондук билим берүү тарабынан даярдалды.
Билим берүү тармагындагы Талантбек Эмилбек уулу баштаган жалпы кызматкерлер арасынан тандалган талантуулар тарабынан ыр-бийлер, сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.
Улуттук наркты даңазалаган кийимдер, кыргыздын нукура тамак-аштары көрүүчүлөргө жана калыстар тобунун сынына коюулду.
Ыр кесени жыйынтыктап берген Чаткал районунун акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева - бул иш чараны өткөрүү менен калк арасында унутулуп бараткан салтыбызды, наркыбызды көрсөтүп,өсүп келе жаткан жаштарыбызга улуттук баалуулуктарды жеткирүү иш-чарасы болгондугун белгиледи.
Ар бир кезеги менен өтүп жаткан Ыр кесени чыдамсыздык менен күткөн жергиликтүүлөр залды жаңырта колдоп турушту.
Бул иш чараны уюштурган администрациянын жааматына ыраазычылык айтуу менен бирге ата- бабалардын унутулуп бараткан тамак - аштарын кайра жаңыртып, келечек муундарга тааныштыруу кубанычтуу дешет.
"Ыр кесе-2024" кароо-сынагынын кезеги Чаткал райондук социалдык фонд башкармалыгы, Каржы бөлүмү, Статистика бөлүмү жана Агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн кошмо тобуна өткөрүлдү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Презилентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 инсандын рухиний-адеп-ахлахтык өнүгүүсу жана дене тарбиясы жөнүндөгү жана 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ №157 улуттук нарк жөнүндө жарлыктарынын өзүнө камтыйт.
Сүрөттөр