Жаңы айыл өкмөт башчы келди

28-08-2025

2025-жылдын 27-августунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тийиштүү тескемеси менен Жумабекова Шекер Чормоковна Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.
Жумабекова Шекер Чормоковна 1968-жылы 5-июнда туулган. Билими жогорку, 1985–1990-жылдары В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктап, орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу китепканачы болуп башталып, Жерге-Тал айылындагы А.Табылдыев атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. 2013–2021-жылдары Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы, 2023-жылдан бери ушул эле айыл өкмөтүндө башчынын орун басары кызматтарын аркалаган.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Алардын катарында:
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ыраазычылык каты” (2022-ж.),
Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамы (2019-ж.),
Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ыраазычылык каты” (2018-ж.),
“КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси (2015-ж.).
Шекер Чормоковна өзүнүн тажрыйбасы жана уюштуруучулук жөндөмү менен жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, Каныш-Кыя айыл аймагында социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган иштерди улантууну көздөйт.
 

Сүрөттөр