ЖАҢЫ БИРИНЧИ ОРУН БАСАР ДАЙЫНДАЛДЫ

05-04-2025

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Абдыкалыкова Чолпон Абдыкалыковна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары — акимдин орун басары болуп дайындалды.

 

 

Абдыкалыкова Чолпон Абдыкалыковна 1968-жылдын 18-апрелинде Фрунзе шаарында төрөлгөн.

 

Жогорку билимдүү. 

1990-1995-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин "Педагогика жана психология" бөлүмүн аяктаган.

 

2000-2003-жылдарда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин "Финансы жана кредит" бөлүмүн аяктаган.

 

Абдыкалыкова Чолпон Абдыкалыковна буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы атайын байланыш кызматында кадрлар боюнча башкы инспектор болуп эмгектенип келген.

 

Жаңы жетекчинин иштерине ийгилик каалайбыз.