Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Жаңы социалдык долбоор болмокчу
14-10-2025
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы жана район аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген “Кичи Чаарат” тоо-кен ишканасы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган ири долбоорду ишке ашырууда.
Бул демилге алкагында ишкана 400 гектар аянтка тоют өсүмдүктөрүн эгүү боюнча долбоорду баштоодо. Максат — мал чарбачылыгын колдоо жана жергиликтүү калкты сапаттуу тоют менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу. Алынган түшүм аймактагы фермерлерге жана жеке мал ээлерине арзан баада сатылып, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошмокчу.
Бул багытта Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев баштаган райондук мамлекеттик администрациянын жана тиешелүү тармактык кызматтардын өкүлдөрү “Кичи Чаарат” тоо-кен ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда долбоордун ишке ашуу механизми, жер аянтынын жайгашуусу, айыл чарба техникасын камсыздоо жана кызматташтыктын башка шарттары талкууланды.
Район жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев бул долбоор Чаткал аймагындагы мал чарбачылыктын өнүгүшүнө, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга, жана социалдык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Долбоорду ишке ашыруу жаатындагы айрым эсептөөлөр менен фирма жетекчилигин район акиминин орун басары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бейшен Жаманкулов бир сыйра тааныштырды.
Учурда район тарабынан долбоорду ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук иштер, тактап айтканда жер даярдоо, үрөн тандоо жана суугат системасын жакшыртуу багытында тиешелүү маселелерди чечүү башталмакчы.
Сүрөттөр