Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Жалал-Абад облусунда өтүүчү "Манас таануу" сынагына Чаткал районунан 3 топ катышат
14-02-2024

Жалал-Абад облусунда өтүүчү "Манас таануу" сынагына Чаткал районунан 3 топ катышат
Республикалык Манас театрынын манасчыларынын катышуусунда " Манас таануу" интелектуалдык таймашы Чаткал районунун Айгыр -Жал айылындагы маданият үйүндө болуп өттү. Таймашка райондун 18 мектебинен топтор катышты.
Окуучулар Манас эпосундагы окуялардан үзүндү айтуу менен суроо- жооптор аркылуу билимин сынашты.
Ар тараптуу өзгөчөлүгү менен айырмаланган 3 топ Жалал -Абад облусунда өтүүчү сынакка жолдомо алышты. Алар Жаңы -Базар айылындагы Таласбай Жаналиев жалпы орто билим берүүчү мектеби, Ак -Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы мектеби, Айгыр -Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы мектеби
Таймаштын максаты:
- Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон үчилтигин окуучулардын аң сезимине жеткирүү;
- Кыргыз элинин тарыхын,маданиятын,тилин сактоо,өнүктүрүү,рухий дөөлөттөрдү үйрөтүү;
- Окуучуларды эпос аркылуу жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо жана мекенчил сезимин жогорулатуу;
Сүрөттөр