Жалпы 26 долбоор жактырылды

28-03-2025

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын 2025-жылдагы стратегиялык планынын алкагында долбоорлор каралды

2025-жылга карата Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын (WFP) стратегиялык планын ишке ашыруу максатында жергиликтүү деңгээлде иш алып баруу улантылууда.

 Ушул багытта, ар бир айыл өкмөтүнүн жетекчилери, айыл башчылары жана социалдык адистери тарабынан даярдалган долбоор-сунуштарды кароо боюнча атайын отурум өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы 26 долбоор талкууланып, алардын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагынан 16 долбоор, ал эми Терек-Сай айыл аймагынан 10 долбоор жактырылып, кийинки баскычка өткөрүлдү.

Бул долбоорлор аймактардагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, социалдык жана экономикалык туруктуулукту өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Отурумдун катышуучулары БУУнун WFP программасынын алкагында ишке ашырыла турган долбоорлор жергиликтүү жамааттардын турмушун жакшыртууга, социалдык абалды чыңдоого жана азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга олуттуу салым кошорун белгилешти.

 Жактырылган долбоорлор мындан аркы техникалык жана финансылык колдоо алуу үчүн тиешелүү жактарга жөнөтүлмөкчү.

Бул демилге айыл жергесиндеги социалдык өнүгүүнү жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган кеңири масштабдагы иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.

Сүрөттөр