ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ КӨЗӨМӨЛСҮЗ КАЛБАЙТ

14-11-2025

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын арыз-муңдарын өз убагында угуп, жеринде чечүүгө багытталган иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев белгиленген графикке ылайык коомдук кабылдамадан жарандарды жеке өзү кабыл алууну улантууда.

 

Кабыл алуу учурунда тургундар жер пайдалануу, социалдык колдоо, инфраструктура, жол маселелери, билим берүү жана ден соолук тармактарына байланышкан маселелер менен кайрылып келишет. Ар бир кайрылуучунун маселеси дыкат каралып, тиешелүү адистерге жана кызматтарга тапшырмалар берилет. Айрым маселелер ошол жерден эле ыкчам чечилип, документтик колдоону талап кылган өтүнүчтөр каттоого алынат.

 

Райондук мамлекеттик администрацияда жарандарды кабыл алуу туруктуу негизде өтүп, ар бир тургунга жеткиликтүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, көйгөйлөрдү ыкчам жана натыйжалуу чечүү багытындагы иштер мындан ары да улантыла бермекчи.