Жарыя!

09-04-2025

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик  улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1. Башкы кызмат орундары үчүн:

- жогорку билим; (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба, техникалык  жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү жогорку  билим).

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

2.Улук кызмат орундары үчүн:

1)    кесиптик билимдин деңгээли:

-     жогорку билим; (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба, техникалык  жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү жогорку  билим).

2)    иш стажы жана тажрыйбасы:

-    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

 

3. Кенже кызмат орундары үчүн:

1)    кесиптик билимдин деңгээли:

-    гуманитардык илимдер багытындагы филология, лингвистика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, укук жана юриспруденция, социология, экономика, башкаруу багынтындагы экономикалык илимдер, эсептөө техникасы, информациялык технологиялар илимдер багытындагы информациялык система жана технологиялар илими боюнча жогорку кесиптик билим.

2)- иш стажына талаптар коюлбайт;

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

1)      Башкы кызмат оруну үчүн:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

·         Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

·         “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республиксынын Конституциялык мыйзамын;

·         Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;

·         “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

·         “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

·         “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

·         “Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

·         “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

·         “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

·         Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 31-майындагы № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

        “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;

2.Улук кызмат орундары үчүн:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

        Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

        “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат, кадр жана уюштуруу иштери, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Айыл чарбасы жана курулуш багыты боюнча:

-“Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Экономика, финансы жана инвестиция багыты боюнча:

- “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

   Өнөр жайы багыты боюнча:

-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

- “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

3. Кенже топтогу кызмат орундары үчүн:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

        Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

        “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Укук, тартип, коргонуу жана коопсуздук багыты боюнча:

-31.05.2022-жылдагы   № 171 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муницпалдык кызматкерлеринин этика Кодекси;

- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

                       Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча:

- 31.05.2022-жылдагы  № 171 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муницпалдык кызматкерлеринин этика Кодекси;

-“Кыргыз Республикасын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

        Коомчулук менен байланыш, уюштуруу иштери боюнча:

-31.05.2022-жылдагы  № 171 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муницпалдык кызматкерлеринин этика Кодекси;

-“Кыргыз Республикасын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

 

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

   -өздүк баракчасы (толук маалыматтар камтылган)

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2025-жылдын 08-апрелинен  21-апрелине  чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08.30дөн 17:30гө чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

 

Дареги: Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү телефону 03749 60310.

 

 

 

 

Аппарат жетекчинин у.м.а.                                                                             Т.Дубанаева