Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ЖАШ ЖЕТКИНЧЕКТЕРДИ ООР ЖУМУШКА ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ. Бул багытта Чаткал районунда иш - чара болуп өттү
12-06-2024

ЖАШ ЖЕТКИНЧЕКТЕРДИ ООР ЖУМУШКА ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ‼️
Бүгүн 12-июнь-Бүткүл Дүйнөлүк балдар эмгегин коргоо күнү.
Бул багытта Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлеринен турган атайы топ тарабынан район аймагында оор жумушка тартылган балдарды аныктоо максатында тамактануучу жайларга, соода түйүндөрүнө рейд жүргүзүлдү.
Мында аталган топ тарабынан тамактануучу жайлар, соода дүкөндөрү жана курулуш иштери жүрүп жаткан объектилер текшерүүдөн өттү.
Рейд учурунда жашы жете элек балдардын эмгек шарты зыяндуу жерлерде иштеп жаткандыгы аныкталган жок.
Мындай иш -чара тийиштүү кызматтар тарабынан байма - бай уюштурулуп турат.
Бала 18 жаштан кийин гана өзү каалаган жумушка орнотууга укугу болот.
12-июнь-Бүткүл Дүйнөлүк балдар эмгегин коргоо күнү - Эл аралык эмгек уюму тарабынан кабыл алынып, 2002-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча жыл сайын белгиленип келүүдө.
БҮГҮНКҮ БАКУБАТ БАЛДАРЫБЫЗ - ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИБИЗ
Сүрөттөр