Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Жылдын мыкты пара- спортчу мырзасы Чолпонбай Жаркулов Жалал-Абад облусунун кол күрөш боюнча чемпионатын өткөрдү
07-03-2024

2023 -жылдын жыйынтыгы менен пара кол күрөш боюнча" Жылдын мыкты пара -спортчу мырзасы" Чолпонбай Жаркулов Жалал-Абад облусунун кол күрөш боюнча чемпионатын өткөрдү
Чемпионатка Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарынан,Токтогул Ноокен, Базар-Коргон,Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунан спорт сүйүүчүлөр катышты.
Иш-чарага катышкан Терек-Сай айыл аймак башчысы Болот Ашырбаев жана жергиликтүү кеңештин депутаты А.Мырзагулов оюнду ачып берип, спортчуларга ийгилик каалады.
Армрестлинг боюнча:
I-орунду 100 балл менен Таш-Көмүр ш; II-орунду 70 балл менен Майлуу-Суу ш; III-орунга 50 балл менен Чаткал району ээ болду.
I.II.III-чү орундарды алган оюнчуларга атайын жасатылган кубок жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Иш-чарага келген ар бир катышуучулар ысык тамак менен камсыздалды.
Соңунда чемпионаттын уюштуруучусу Чолпонбай Жаркуловго жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясынын токтомуна ылайык, колдоо максатында айыл өкмөт тарабынан 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берди.
Эскерте кетсек Чолпонбай Жаркулов кол күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону;
Азиянын 3 жолку чемпиону;
2 жолку Азия кубогунун чемпиону; Дүйнөлүк чемпионаттын призеру;
Дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалдын ээси;
Дүйнө чемпиону;
Чемпионат Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгына ылайык уюштурулду
Сүрөттөр